Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан мейманды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да өлкөгө келди. Кечээ, 20-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келишкен.