7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ысык-Көл облусунан гашиштин ири партиясы аныкталды

215

Ысык-Көл облусунан гашиштин ири партиясы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, УКМК 2021-жылдын 23-январында Ички иштер министрлиги менен биргеликте баңги заттарды ташуу жана сатуу, мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Ысык-Көл облусунан 1991-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Е.К. кармалды.

Кармалган адамды жана унааны жеке текшерүү учурунда, кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар «гашиш», жалпы салмагы 400 граммдан ашык 29 брикет табылган.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Ысык-Көл районундук ИИБ тергөө камак жайынына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

216