7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Жалал-Абаддагы дагы бир блогерди кармады

236

13 — февралда, УКМК тарабынан “Instagram” платформасында 200 000 катталуучусу бар популярдуу блогер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Р.к.Ч. аттуу блогер, Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт, видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, ал күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.

Андан соң даярдалган фото-видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган.

Кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан улам, анын иш-аракетинен жабыр тарткан адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына же, 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

237