7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалды

805

Бишкекте жана Чүй облусунда жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

Аталган топтун үч мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. экени аныкталып, кармалды. Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

806