7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жогорку билим берүүнүн абалы туралуу маселелер талкууланды

594

УКМКнын генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы институтунда 30 жылдыгына арналган “КРнын жогорку окуу жайларынын окутуу ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун, ИИМнин Академиясынын, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө билим берүү системасынын, анын ичинде өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн абалы туралуу актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын билим берүү системасында заманбап IT-технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана башка билим берүү тармагындагы жаңы тенденциялар жана багыттар белгиленди.

Соңунда тегерек столдун катышуучулары менен УКМКнын институтунун билим берүү тармагында кызматташуусу тууралуу макулдашуулар болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595