7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жогорку соттун төрайымына кылмыш иши козголот

296

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат берип жатып Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун айтып, эгер тартип комиссиясы макулдугун берсе камакка алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын билдирген. Ага карай УКМК өлкөнүн Башкы прокуратурасына жана Соттор кеңешине Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


«Жергиликтүү сот» АМС долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер аныкталып, фактынын негизинде Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын бул ишке тиешеси бар экендиги, ал төгүндөлгүс экени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчү келтирилди. Эгерде өтүнүч канааттандырылса Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мамлекеттик бийликтин бутагы болгон Жогорку Сот жана Соттор кеңеши өздөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей», — депберилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

297