7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү жаңы имаратка көчүрүлдү

523

УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду. Анда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттары менен эс алуу бөлмөсү, атайын унаа токтоочу жайлары да каралган.

Жаңы имараттын ачылышына КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана Кара-Көл шаардык бийлик өкүлдөрү катышты.

Аземде генерал-лейтенант К.Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлкеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524