7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«УКМКнын кызматкеримин»-деп аптеканы тоногон шылуун колго түштү

710

Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарында өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, дарыканадан акча талап кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан дарыканага өзүн УКМК кызматынын ыкчам кызматкери катары тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сом акча талап кылып, алып кеткен. Ишкер бул боюнча Ысык-Көл РИИБине арыз менен кайрылат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Ысык-Көл РИИБдин КМК кызматкерлери тарабынан өзүн УКМКнын ыкчам кызматкери катары тааныштырып жүргөн 34 жаштагы Чүй облусунун жараны кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Ага кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин (“Документтердин жасалмасы) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жогоруда кармалган адамдан жабырлануучулар болсо 102ге, же (03943) 4-39-80, (0709) 331-515 номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот”, — деп айтылат милициянын маалыматында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

711