7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 14 үйдү тоноого шектелип, эки жигит кармалды

507

Нарын облусунун аймагынан уурулукка шектелип, эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-июнунда 1960-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, 4-июндан 6-июнга чейинки аралыкта үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз бирөөлөр уурулукка кирип, алтын, күмүш жасалгаларды жана башка баалуу буюмдарын тоноп кетишкен. Үй ээси болжол менен 70 миң сом чыгымга учураган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, кылмышкерди издөө иштери башталган.

Нарын ШИИБи жүргүзгөн ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 1998-жылы туулган тургуну С.М. жана Ак-Талаа районунун 1990-жылы туулган тургуну М.Н. кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан. Алардын мындан сырткары Нарын шаарындагы 10 үйгө, Кочкор айылындагы 3 үйгө уурулукка киргени да аныкталган.

Шектүүлөрдүн бири Ак-Талаа районунун 1990-жылы туулган тургуну М.Н. мурда да сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.

Учурда тергөө, суракка алуу иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508