7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖАМУдан Өзбекстанга которулууну каалаган студенттен пара алган аткаминер кармалды

859

Наманган облусунда Мажбурлап аткартуу бюросунун бөлүм башчысы пара алуу учурунда кармалды. Ал жергиликтүү тургундардын биринен 700 доллар пара талап кылып, 200 долларын алып жаткан учурунда колго түшкөн.

Маалыматка ылайык, шектүү Кыргызстандагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуган студенттин окуусун Анжиян мамлекеттик медициналык институтуна которууга жардам бермек болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү беренелер боюнча кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүп жатканын «Өзбекстан 24» телеканалы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Мындан сырткары Өзбекстандын Жизак облусундагы райондордун биринин прокурору пара алып жаткан учурда кармалган.

Маалыматка караганда, прокурор жергиликтүү курулуш компаниясынын мыйзам бузган жетекчисинен 2 миң доллар талап кылып, анын 800 долларын алып жатканда колго түшкөн.

Ошондой эле Самарканд облусундагы райондордун биринин прокурорунун орун басары жергиликтүү дыйканчылык чарбанын үч жылга соттолгон өкүлүнүн жазасын кыйла катаалдатып, мурдагы өкүмдү күчүндө калтыруу үчүн андан 10 миң доллар талап кылган. УКМК бул иштине да бетин ачып, иш тергөөгө алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

860