7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын төрагасынын кубогуна ат салышкан республикалык спартакиада башталды

773

Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көлдө бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен КР УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спорттун беш түрү менен күч сынашат.

Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматкерлердин ыкчам жана кызматтык ишинин жогорку эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун багыттарынын бири катары, спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматкерлеринин дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

К.Ташиев ошондой эле УКМКнын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүрүп жатканын ылайыктуу тейлөө шарттарын түзүү үчүн нөлдөн баштап курулган жаңы объекттерди белгиледи. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата боло турган спартакияда үчүн атайын командалык спорттук оюндар боюнча универсалдуу спорттук аянтча курулгандыгын баса белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774