7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө: Аборт жасатууга толугу менен тыюу салынды, бирок президент четке кагууда

1242

Американын экинчи штаты Техаста “Жүрөктүн согушу жөнүндөгү” мыйзам боюнча аборт кылууга толугу менен тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анда аборт кылуу аялдардын ден соолугуна зыян жана алар мурда кош бойлуулук тууралуу билбегендиктен дээрлик 85-90%ы боюндагы наристесин алдырып салышат. Ал эми мыйзамда 6 жумадан кийин баланын жүрөгү сого баштайт, дал ошол учурдан тартып анын жүрөгүн токтотууга эч кимдин укугу жок деп белгиленген. Эгер эне ден-соолугуна байланыштуу төрөй албаса же кандайдыр бир кризиске учураса гана абортко уруксат берилет. Ошондой эле, зордукка учурап кош бойлуу болуп калгандарга да боюнан алдырууга болбойт.

Бирок, АКШнын башчысы Джо Байден бул мыйзам долбоордун акылга сыйбай турганын айтып, аялдардын эркиндигин чектеген эң чоң кылмыш деп атады. Ал тургай, аялдардын боюнан алдыруусуна тоскоол болгон бийлик өкүлдөрү тууралуу маалымат бергендерге сыйлык берип, сотто жеңип алгандарга 10 миң доллар сыйакы төлөөгө даяр.

Буга чейин ал жарым кылымга жакын убакыттан бери аялдарга тиешелүү бул укуктун бузулушу «Конституцияга каршы башаламандыкка» алып келерин эскерткен.

Ал арада миңдеген аялдар, укук коргоочулар, уюмдар митингге чыгышып. мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1243