Мындан толук бир жыл мурда, Камчыбек Ташиев «Мекенчил» партиясын баштап парламенттик шайлоого аттанганда, эң алгачкы жолугушуу досу Садыр Жапаровдун кичи мекенинде өткөн болчу. Жергиликтүү эл, аксакалдар ак батасын берип, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго атап ат мингизген. Бирок Садыр Нургожоевичтин аты өзү адилетсиз абакта жаткандыктан бош калган. Ал күндөр өттү.
Жараткандын буйругу, кыргыз элинин колдоосу, Камчыбек Кыдыршаевичтин өжөрлүгү, кайтпастыгы, эң негизгиси ак пейил менен, достука бекемдиги менен, сатылбаган, сатпаган сыпаты менен жасаган аракети аруу тилектерине жеткирди. Кудайга шүгүр, ошол күнү “Жанымдагы атты досум минип, алдымда болсо болмок.
Мен ошол күнгө жетемин. Сиздердин жардамыңыздар менен жетемин, кадырман кыргыз элим…”- деп кыргызстанды түрө кыдырган Камчыбек Ташиев, сөзүнүн үстүнөн чыкты. Баракелде Камчыбек Кыдыршаевич! Кыргыздын нак эр азаматы, сыймыгы сенсин! Кудай эки досту, бүткүл КЫРГЫЗ ЭЛИН колдосун!
Булак: ФБ