7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы депутат Карганбек Самаковго карата кылмыш иши токтотулду

852

Парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Самаковдун жакындары маалымдашкан.

Маалыматка ылайык, июль айында Башкы прокуратура айыптоодон баш тарткандан кийин Октябрь райондук соту ишти токтоткон. 2-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди колдоду.

2021-жылдын февраль айында Жогорку сот Самаковго карата буга чейинки чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого Октябрь райондук сотуна жиберген. Самаков 2019-жылы мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу менен жаза абагынан бошотулган.

Карганбек Самаков 2017-жылы «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыптоонун негизинде 10 жыл эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853