Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов кечээ Оштогу спорт клубдарынын биринде жаш балбандар үчүн ачык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу күрөш федерациясы социалдык түйүндөрүндө жарыяланды.
«Биздин чемпион өзүнүн билгендерин балдарга айтып берип, келечектеги спорттук карьерасында сөзсүз жардам бере турган ыкмаларды үйрөттү», — деп жазылат анда.
Акжол Махмудов 1999 -жылы Ошто туулган. Ал Токио оюндарында күмүш медалга ээ болгон.