Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында контракт боюнча кызмат өтөгөн жоокер Адилет Алиев Украинада каза болду. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилиги билдирди.
Буга чейин Украинадагы согуштук аракеттерде Кыргызстандын алты жараны — Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков жана Аманбек Курбанбаев, Руслан Полотов курман болгон.
Эскертсек, Украинада аскердик кагылышуу уланып, кырдаал оор бойдон калууда. Орусия 2022-жылдын 24-февралында атайын аскердик операция жарыялаган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүп келет. Көптөгөн мамлекеттер Орусия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.