Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармагындагы баракчасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Көрсөтүлгөн аккаунттун ээси Кыргыз Республикасынын К.у.А. аттуу жараны экендиги такталган.
Ошол эле учурда ыкчам маалыматтар боюнча К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен.
Азыркы учурда, алынган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК бул багытта жигердүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантууда, ошондой эле КР чегинен тышкары куралдуу операцияларда катышуу КРнын аракеттеги мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганына Кыргыз Республикасынын жарандарына эскертип кетет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram