7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн президенттери жубайлары менен тар чөйрөдө баарлашты

633

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында расмий иш-чаралардын башталышынын алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана анын жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тар чөйрөдө баарлашты.

Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго өлкөгө сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн түз диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров монгол тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ухнаагийн Хурэлсухту жана монгол элин ушул күндөрү өлкөдө белгиленип жаткан Наадам улуттук майрамы менен куттуктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

634