7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Жумаков: Темиров капысынан эле «иликтөөчү журналист» атка коно калды

623

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Улан Жумаков Болот Темиров тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.

«Өзүмдүн эч ким таңуулабаган эркин жана жеке оюмду айтайын. Бул Болот Темиров боюнча байкоолорум тууралуу. Ал акыркы бир-эки жылда капысынан эле “иликтөөчү журналист” атка коно калды. Анын ишмердүүлүгүнүн каржы булагы белгисиз. Офиси, эмеректери, кымбат оргтехника, компьютерлер, ноутбуктары жана жалданган командасы бар Болот Темиров тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган соңку жаңылыктарга байкоо салдым. Албетте, көптөгөн маалымат агенттиктеринин башкы редакторлору офистин ижара акысын төлөө, журналисттерге да айлык маяна төлөп берүү оңой иш эмес экенин мен четке кагышпаса керек. Жарнама да бул чыгашаларды жаба тургандай киреше алып келбейт.
Анын үстүнө Темировдун офиси эч нерсе реклама кылган эмес, башкача айтканда, анын бул жерде кирешеси болгон эмес. Эгерде ошол эле гранттар жөнүндө айта турган болсок, алар келген күндө да алар кийинчерээк, анын офиси жана командасы күчтөнүп алып, иштеп жаткан кезде пайда болгон. Же, бул жөн гана гранттар тууралуу алардан башка эч ким билбеген легендасы, сурасаң эле — “ооба, мунун баары бизге чет жактан келген гранттардын эсебинен иштеп жатат” деген жомогудур. Эгер чындап эле чет элдик грант болсо, Темировдун командасы негизинен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге тиешелүү гана материалдарды жасай турган бул кандай максаттуу гранттар болду экен? Мындай даректүү гранттардын артында кимдер турат, кандай адамдар же кайсы мамлекет турат болду экен, алар кимдер?

Демек, Кыргызстандын президентинин жана Улуттук коопсуздук органынын жетекчисине карата гана Темировдун бүтүндөй командасы иш алып баруусуна кимдир бирөөлөр кызыкдар экен да. Мен бул жерде президентти, УКМКнын төрагасын коргойун деген оюм жок. Болгону баарыңар экинчи тараптын ким экенин көргүлө деп жазып жатам. Чындап эле азыр Кыргызстандын жетекчилигин жаманатты кылууну кимдер көздөп жатат? Темировдун офиси бизге талкууга жем таштагандай материалдарын ортого таштаган, андан ары башка журналисттер ММКлар, социалдык тармактар аркылуу таратып жатканды эле көрбөй, бир жактуу маалымат менен чектелбей, баары объективдүү болсун деп айтып жатам. Эми айтайын дегеним, эмне үчүн Темиров Болот Кыргыз Республикасынын жарандыгын чындыгында кантип алганы тууралуу эч ким сурабайт?

Мисалы, мен ачык булактардан алган маалымат боюнча, Болот Темиров 1996-жылдын 26-январында 16 жашка чыкканда Россиянын жаранынын паспортун алган, башкача айтканда, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык алган. Бирок, 2008-жылы болсо Болот Темиров Кыргыз Республикасынын паспортун алган, бирок “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын карап көрсөк, анда менде дароо суроолор туулат: Ал Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча арыз жана анкетаны кайсы жерде толтурган?
Ал алгач жашап турууга уруксат алышы керек болчу, башкача айтканда, анын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын тастыктаган документи (жашоо уруксаты, каттоо белгиси, айыл өкмөттөн маалымкат) кайда? Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын протокол менен түзүлүп, жыйынга катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон чечими кайда? Ал эми Болот Темировду жарандыкка кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы кайда? Ал эми жарандыктан ажыратуу боюнча соттун чечими керек, деп кыйкыргандар үчүн — соттун эч кандай чечими керек эмес. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамында таптак көрсөтүлгөн, эгерде Кыргыз Республикасынын жарандыгы атайылап жалган маалыматтарды же жасалма документтерди берүүнүн натыйжасында алынса, анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан айрылат, бул козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө учурунда аныкталган.

Сот аны Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраткан эмес, анткени бул үчүн соттун чечими талап кылбайт.
Бирок Бишкек шаардык соту чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга укуктуу болгон. Бул аткарылды жана шаардык соттун бул чечимине даттануусу жогорку инстанцияда гана каралышы мүмкүн. Ошондуктан, урматтуу достор, сиздерге бере салган маалыматка эле дароо эле ишене бербей, башка булактарды да окуп же компетенттүү юристтерден комментарий сурап койсоңуздар»,-деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624