7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уланмырза Карыпбаев Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

298

Уланмырза Карыпбаев С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Аны театрдын жамаатына министр Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, албан ийгиликтерди жана даңгыр жол каалады.

Карыпбаев 2014-жылы «Тунгуч» жаштар театрынын алдындагы студиянын бүтүрүүчүсү. 2020-жылы Санкт-Петербургдагы Россия мамлекеттик театр искусствосу институтун «театралдык режиссура» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап жана Екатеринбург мамлекеттик театр институтунун «Маданият жана искусство тармагындагы менеджмент» адистиги боюнча кесиптик кайра даярдоо курстарын бүтүргөн.

Бул жылдар аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Түштүк Кореянын театрларында 45ке жакын спектакль койгон. Ошондой эле ТҮРКСОЙ уюмунун «Ардак» ордени жана «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш ​​белгиси менен сыйланган. 2024–2025-жылдары Япониядагы ЭКСПО көргөзмөсүндө Нооруз майрамы жана Кыргызстан күнү сыяктуу ири эл аралык маданий иш-чаралардын жетекчиси болгон.

299