7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Кашка-Суудагы орто мектепке барып ачык сабак өттү

698

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин башчысы 11-класс үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган «Тынчтык сабагын» өткөн.

«Окуучуларды жана мугалимдерди кайрадан мектептен көрүү абдан кубанычтуу. Биз бул күндү көпкө күттүк. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу баладырыбыз онлайн режимде билим алды. Жалпы күч-аракетке, анын ичинде калкты вакцинациялоо кампаниясына жараша бүгүн окуучулар үчүн мектептердин эшиги ачылды жана балдар салттуу форматта билим алууга мүмкүндүк алды. Ушул күнү жаңы окуу имаратын ачып жаткандыгыбыз кубанычтуу. Мындан ары мектепте билим берүү сапаты жакшырат деп ишенебиз», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы жана мектеп администрациясына 15 компьютерди белек катары тапшырды.

Маалымдама: Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектеби үч блоктон турат.

Биринчи корпусу 1994-жылы ачылган, учурда бул жерде бала бакча ачуу пландаштырылууда. 100 окуучулук орунга саналган экинчи корпус 2007-жылдан бери пайдаланылууда. Дагы 100 орунга эсептелген үчүнчү окуу имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылы жыйынтыкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699