7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ат чабыш» күмүш коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыгат

521

Улуттук банк 1-августтан тарта «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарат.

Тыйындар 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Анын баасы 5 580 сомду түзөт.

Тыйындын алдыңкы бетинде така түрүндө салынган ат майданда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын «Ат чабыш / At Chabysh» деген аталышы, ошондой эле номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.

Тыйындын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Ортосунда Кыргызстандын герби, жогору жана төмөн жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Тыйындын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.

«Ат чабыш» коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

522