7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук гвардияда дагы бир жоокер сабалды

338

Улуттук гвардиянын жоокери сабалып, учурда ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 7-каналга жоокердин апасы Айнура Кыдырбаева айтып берди.

Айтымында, окуя 15-ноябрда болгон. Уулун Улуттук Гвардиянын эки сержанты камера жок кийим кургатуучу бөлмөдө сабашкан.

«Алар баламдан сейфтин ачкычын сурашыптыр. Аны өзүнүн сержанты дайындап, «эч кимге бербе» деп айтыптыр. Балам «менде жок дегенде аны кийим кургатуучу жайга алып кирип, жаткырып алып тепкилешиптир. Эртеси балам кан сийип баштаптыр»,- деди Айнура Кыдырбаева.

Сабалгандан кийин жоокер кызмат өтөгөн жеринде дарыланган. 22-ноябрда гана ал Улуттук госпиталга жеткирилген.

Сабалган жоокер Эрик Шаршенбаев окуя болгон күндүн эртеси заарасынан кан чыгып жатканын көрүп, дарыгерге кайрылганын айтты. Беш күндөн кийин акыбалы оорлоп, аны Кой-Таштагы ооруканага алып барышкан. 22-ноябрда Улуттук госпиталга жаткырышкан.

«Азыр ары-бери басканда бөйрөгүм ооруйт. Оң жагы көбүрөөк ооруп жатат. Жатканда да ооруйт. Заарамдан кан дагы деле чыгып атат. Түнү уктай албай кыйналып жатам. Оң бөйрөгүм менен жатсам, денеме батпай жаткандай сезилип жатам. Тура да албайм, узак баса албайм”, — дейт жоокер.

Бул окуя боюнча Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

339