7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү

387

Президент Садыр Жапаров “КР Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:
1) “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомун (мындан ары – Фонд) түзсүн;

2) Фонддун укуктук статусун, максаттарын жана милдеттерин, ишинин өзгөчөлүктөрүн жана тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун, ошондой эле ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыксын;

3) тиешелүү баа берүүнүн жана талдоонун негизинде Фондго өткөрүп берилүүгө тийиш болгон мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун (мындан ары – Фонддун портфелдик компаниялары) тизмесин даярдасын.

2. Фонддун негизги милдеттери төмөнкүдөй аныкталсын:

1) Фонддун жана Фонддун портфелдик компанияларынын финансылык-чарбалык ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу;

2) Фонддун жана Фонддун портфелдик компанияларынын наркынын туруктуу өсүшүн жогорулатуу жана камсыз кылуу, ошондой эле Фондду жана Фонддун портфелдик компанияларын эл аралык жана жергиликтүү капитал рынокторуна чыгаруу жолу менен инвестицияларды тартуу;

3) Фондго жана Фонддун портфелдик компанияларына корпоративдик башкаруунун мыкты практикасын киргизүү;
4) мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.

3. Фонддун ишинин төмөнкүдөй принциптери белгиленсин:
1) Фонддун башкаруу органдарына жана Фонддун портфелдик компанияларына кадрларды тандоонун жана көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыз кылуу;

2) Фонддун жана Фонддун портфелдик компанияларынын директорлор кеңештеринде көз карандысыз директорлордун болушу;

3) Фондго жана Фонддун портфелдик компанияларына конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу көрсөткүчтөргө (коммерциялык жана коммерциялык эмес көрсөткүчтөргө) багытталган менеджерлерди сыйлоо жана жоопкерчилик системасын киргизүү;

4) отчёттуулук, үзгүлтүксүз аудит, Фонддун жана Фонддун портфелдик компанияларынын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ачып берүү.

388