7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук коопсуздук органынын ардагери Замир Сабаев дүйнө салды

412

УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы Улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы генерал-майор Сабаев Замир Шекеновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Генерал-майор Замир Сабаев 1969-жылы 10-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Мамлекеттик коопсуздук органында кызматын 1992-жылдын декабрында баштаган. Ал нөөмөт комендантынын жардамчысы кызматынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 9-башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары –жетекчилигине чейин жеткен.

Мамлекеттик күзөт органында — мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн мезгилде, Кыргызстандын мамлекеттик күзөт объектилеринин коопсуздугун камсыз кылууга зор салым кошкон. 2004-жылдын 7-февралында президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн тиешелүү ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Сабаев боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ардагерибиздин жаркын элеси биздин эсибизде ушул бойдон сакталып калат!

413