Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улан Муратбек уулу, Атабек Азисбеков жана Эрлан Манатбеков Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
55 кг чейинки салмакта Улан Муратбек уулу биринчи айлампасын өткөрүп 1\4 финалдык баскычынан баштады. Анда Ю Чол Ро аттуу Түндүк Кореядан келген спортчуга 8:2 эсебинде жеңилип калды. Кийинки беттешин кытайлык Син Хуанг атту спортчуну жеңип коло үчүн курөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эми 3- орун үчүн өзбекстандык Жасурбек Ортикбоев менен күч сынашат.
87 кг чейинки салмакта Атабек Азисбеков 1\8 финалда монголиялык Турболд Ганболд аттуу балбанды мөөнөтүнөн мурда 9:0 эсебинде жеңди. 1/4 финалда ирандык Насир Жасеем Ализадеге 1:8 эсебинде утулуп калды. Коло байге үчүн беттешин Масато Суми аттуу балбан менен өткөрөт.
Ал эми 130 кг чейинки салмак ченинде Эрлан Манатбеков чейрек финалда казакстандык Мансур Шадукаев аттуу спортчуну 9:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык Амин Мирзазадеге 0:9 эсебинде утулду. З-орун үчүн беттешин Исломжон Рахматов аттуу өзбек балбаны менен күрөшөт.
Финалдык беттештер саат 18:00 дө башталат.