7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук онкология жана гематология борборунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

154

КР УКМК мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү процессинин натыйжасында коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук  онкология жана гематология борборуна тиешелүү болгон жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысын аныктады.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында Улуттук  онкология жана гематология борборунун директорунун мурдагы орун басары К.О.И административдик ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, Улуттук  онкология жана гематология борборунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан 0,46 га аянтта жер тилкесин менчиктеп алганы такталды.

1997-жылы аталган кызматты ээлеген К.О.И., өз атынан Улуттук  онкология жана гематология борбору менен 60 унаа токтотуучу убактылуу гараж уюштуруу максатында, белгиленген жер тилкесин ижарага берүү боюнча келишим түзүү демилгесин көтөргөн.

Андан соң, К.О.И. жер тилкесине эч кандай документтери жана имараттарды курууга уруксат кагазы жок туруп, мыйзамсыз түрдө бир нече турак жайларды куруу иштерин жүргүзгөн. Алардын биринде өзү  28 жылдан бери жашап, мыйзамсыз басып алуу фактысын жашыруу максатында кыймылсыз мүлккө кандайдыр бир каттоо документтерин тариздеген эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын же Улуттук  онкология жана гематология борборунун муниципалдык менчигинин балансында жок жана кадастр органдары тарабынан 28 жылдан бери бул жер участогуна идентификациялык код ыйгарылган эмес.

Учурда К.О.И. жана Улуттук  онкология жана гематология борборунун ортосунда түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, 0,46 га өлчөмүндө жер тилкесине идентификациялык код ыйгарылып, мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

155