7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук Тарых музейине уникалдуу балбал тапшырылды

255
Улуттук тарых музейи Чүй өрөөнүнөн табылган сейрек кездешүүчү балбал менен толукталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Археолог, тарых илимдеринин доктору Кубат Табалдыев көп жылдар бою жеке үйдө сакталып келген бул байыркы таш айкелди музейге расмий түрдө өткөрүп берди.
Музейдин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова менен окумуштуунун жолугушуусунда балбалдардын Кыргызстанда азайып баратканы жана аларды коргоонун мааниси өзгөчө белгиленди.
Табалдыевдин айтымында, бул балбал кеч коло же эрте темир дооруна таандык болуп, музейдеги башка экспонаттардан өзгөчөлөнөт. Айкелдин көзү, мурутунун формаcы жана жасалышы айырмаланып, түрк маданиятынын кийинки кошулмалары байкалат.
Жылдыз Бакашова экспонатты узак убакыт бою сактап келген Алгожоев Бектемирдин үй-бүлөсүнө жана аны музейге өткөрүп берген окумуштууга ыраазычылык билдирди. Музей жетекчилиги тарыхый мурастарды коргоо жана коомчулукка жайылтуу иши мындан ары да улантыларын белгиледи.
256