7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

573

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине  жардам катары  100 миң сом берилет. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Жардам майыптарга, катышуучуларга,  концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарына, «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга, жана «Блокадалык Ленинграддын жашоочусуна» белгиси менен сыйланган адамдарга көрсөтүлөт.

Ушул жылы согуштун ардагерлерине  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого карата бир жолку акчалай жөлөкпулдар берилет.

Жалпысынан Жеңиш күнүнө карата өлкө боюнча 68 адам бир жолку материалдык жардам алышат.  Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом акча каралган.

Белгилей кетсек, бир жолку материалдык жардамды төлөө 9-майга чейин банктык эсептерге которуу жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574