7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Бишкекте 18 жаштагы кыздын башкаруусундагы унаа кырсыкка кабылып, 2 адам каза болду

1133

Бишкектин Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Kia Sorento унаасы жарнама илинген конструкцияны сүзүп, экиге бөлүнүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаада төрт адам болгон. Жеринде 22 жаштагы А.у.К. аттуу эркек жана болжол менен 23-25 жаштагы кыз каза болгон. Учурда 19 жаштагы Б.А. аттуу кыз оор абалда жана 18 жаштагы У.Н. аттуу айдоочу кыз канааттандырарлык абалда.

Милициядан белгилешкендей, айдоочу кыз унааны жакында эле алган. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1134