7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаада уктап жаткан айдоочу 47 миң сомун уурдатты

390

Бишкекте айдоочу унаасында уктап жаткан маалда 47 миң сом салынган барсеткасын уурдатты. Бул боюнча Биринчи май райондук милициясы маалымдады.

Милициянын маалыматына караганда, ал Манас проспектисиндеги үйдүн жанында унаасын токтотуп, айнегин ачып уктап калган. Ойгонгондо 47 миң сом акчасы, унаанын ачкычы жана документтер салынган барсеткасын таппай калган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 26 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

391