Бишкек шаарында 20-майда түнкү саат 00:40тар чамасында автокран менен жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу А.Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй автокранды айдап бара жатып Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан 24 жаштагы Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “БМВ 530” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен “БМВ 530” унаасындагы эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.