Ошто студенттерден «экзамениңди бүтүрүп берем»,- деп акчаларын алып, өз кызыкчылыгына иштетип жиберген жаш жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө 11-май күнү Ош шаарындагы И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан медициналык колледждин 23 студентинен арыз келип түшкөн.
Алардын арызында ушул окуу жайдын «А» аттуу студентине 1700 сомдон 3800 сомго чейин акча каражаттарын «экзамен-модулдарыӊды бүтүрүп беремин» дегени үчүн беришип, бирок айтканын аткарбай, алдап кеткендигин билдиришкен.
Жалпы келтирилген чыгым 60 миӊден ашкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандын өздүгү аныкталып, ал аталган окуу жайдын студенти, 2001-жылы туулган А.Н. экендиги аныкталган.
Учурда аталган жарандын үстүнөн алдамчылык боюнча тергөө иштери башталды. Ал өзү жашаган жеринен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үйүнө коё берилген.