Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери 1500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
Ушул жылдын 18-майда Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.