Бишкек шаарында кыргыз-түрк «Сапат» («Себат») лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз жоголду. Маалыматты Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы тастыктайт.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнга караган түнү саат 4:20да милицияга 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда эшиги ачык «Лексус 470» унаасы тургунадыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу барганда, Ю.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, атасы Орхан Инандыны таап берүүнү суранган.
Ю.К.нын айтымында, атасы «Лексус 470» унаасын айдачу. Акыркы жолу кечээ, 31-майда саат 18:00 чамасында байланышка чыккан.
Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, Ички иштер органдарынын аймактардагы бөлүмдөрүнө багыттамалар берилди. Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.