Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков ушул учурда УКМКда сурак берүүдө. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров бүгүн, 1-июнь эрте менен Кумтөр боюнча сурак берип чыккан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар УКМКдагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Жумабеков Кумтөр кени боюнча сурак берип жатат. Бирок, бул маалыматты УКМК тастыктай элек.
Эске салсак, буга чейин “Кумтөргө байланыштуу депутат Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы спикер Дастан Жумабеков, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Өмүрбек Бабанов, мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдор суракка чакыртылган.
Ал эми, аты аталган чиновниктердин ичинен Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов, Өмүрбек Бабановдун УКМК тарабынан кармалганы айтылган.
Белгилей кетсек, кечээ 31-июнда Биринчи Май райондук сотунда Зулпукаров менен Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган.