8-октябрга карата коронавирустан дагы эки бейтап каза болуп, 84 адамдан жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
- Бишкек шаарында – 45,
 - Ош шаарында – 3,
 - Чүй облусунда – 24,
 - Ысык-Көл облусунда – 9,
 - Жалал-Абад облусунда – 1,
 - Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.
 
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 703 адам дарыланууда. Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыккан.



