АКШ президенти Дональд Трамп өз командасына кирген миллиардер Илон Масктан кийин 2-февралда – дүйнөнүн дээрлик баардык мамлекеттерине жардам берип, грант таратып келген өлкөнүн атактуу ЮСАИД агенттигин жаап салса деле болот деп билдирди. Масктын айтымында болсо, бул агенттик коррупцияга баш-оту менен малынып кеткен жана курт жеген алмага окшош. Ошондо дагы, ичинде алмасынан курту көп.
Трамп агенттиктин ишмердигин 90 күнгө токтотту жана мамлекеттик катчы Марко Рубио ЮСАИДдин убактылуу башкаруучусу болуп дайындалды. Эми кеңири текшерүүдөн кийин ЮСАИД агенттиги мамлекеттик катчылыкка кошулуп, анын бир департаментине айланышы мүмкүн. Рубионун айтымында, агенттик таратып жаткан гранттардын болгону 12,0-12,5 гана пайызы берилүүгө тийиш болгон уюмдарга жетет экен.
Ал тууралуу 4-февралда Россиянын илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун илимий кызматкери Александра Филиппенко «24-каналдын» кабарчысы Игорь Гаврищак менен маектешкенде, ЮСАИДдин эффективдүүлүгү болгону 12% экенин билдирди:
«Марко Рубио чоң интервьюсунда айткандай, грант ала турган уюмдарга бөлүнгөн бир доллардын болгону 12 центи гана аларга жетет экен, ашып кетсе – 12 жарым цент. Америкалыктардын мамлекеттик катчыга ишенгенден башка аргасы жок, бирок карапайым америкалыктар аны угуп алып, бушайман абалда. Алар бир доллар берип жатса, муктаж адамга анын 12 гана центи жеткени кандай? Марко Рубио ал тууралуу – мындай болбош керек, бөлүнгөн жардамдын 80 пайызынан ашыгын бюрократия жеп салат экен, агенттиктин ишин карап чыгып, мамдепартаментке кошуп салыш керек деп кескин айтты. Аны менен, бир чети, Марко Рубио ЮСАИДди Илон Масктан дагы коргоп жатат, анткени Маск ал агенттикти таптакыр жоюп салыш керек деген. Аны менен мамлекеттик департаменттин каржылоосу да көбөйөт, анткени ЮСАИДдин бир жылдык бюджети – 44 млрд доллар», – дейт Филиппенко.
Нарын Айып