7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УТРК атамекендик өндүрүштөн чыккан “Шевроле Трекер” унаасынан 15 даана сатып алды

446

УТРК атамекендик өндүрүштөн чыккан “Шевроле Трекер” унаасынан 15 даана сатып алды. Корпорация унааларды тышкы жардамысыз өз каражатына сатып алган. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да унааларды тапшыруу аземинде белгилеп, жаңы унаалардын ачкычтарын тапшырды.

15 автоунаанын жетөөсү УТРКнын облустук каналдарына, сегизи борбордук каналдарына берилди. Муну менен аймактык телеканалдар тарыхта алгачкы жолу жаңы унаалуу болушту. Эми бул техникалар күнү-түнү маалымат чогултуу жана чагылдыруу иштерин жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Эске салсак, УТРКнын автопаркы акыркы жолу 10 жыл мурун жаңыланган. Бирок анда да колдонулган, 2003–2004-жылдары чыгарылган автоунаалар алынган эле. Убакыттын өтүшү менен техникалардын эскилиги жетип, оңдоого ири каражат сарпталып келген.

 

447