7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уурдалган ишкер Ноокаттан табылып, 3 жигит кармалды

693

Ишкерлик менен алектенген 46 жаштагы жаранды уурдоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

22-июнда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, тууганын кечинде белгисиз адамдар күч колдонуп, BMW X-5 үлгүсүндөгү унаага салып кетишкендигин билдирген. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн айтышкан.

Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, белгисиз бирөөлөр көчөдө келе жаткан ишкерге өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери катары тааныштырышып, алдоо жолу менен унаага салып кетишкен. Туугандары бир нерседен шектенип, милицияга кайрылышкан.

Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Маалым болгондой, бул чет элдик унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен.

Бир катар РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүлөр изин жашырып кеткен унааны издеп жатышкан, бирок, болжол менен алар Ош тарапка кеткенин аныкташкан. Милиция кызматкерлери унааны Ноокат районунун аймагынан табышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон. Ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган. Шектүү катары 1991-жылы туулган А.Б., 2000-жылы туулган А.уулу К. жана 2000-жылы туулган Б.уулу Ш. өздүгү такталып, кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп өскөн Бишкек шаарынын тургундары болушат.

Учурда соттун чечими менен кармалгандардын бардыгы эки айлык мөөнөткө камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694