7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюшкан кылмыштуу топтун 24 жаштагы мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

292

Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну Э.Э. алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

«Сентябрь айында Ысык-Көл РИИБине 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерээк аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда кылмышка шектүү Э.Э райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

293