7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вакцина алган жарандардын кайра ооруп калуусу эмнеден? Министрликтин жообу

4523

Вакцина алгандан кийин да COVID-19 менен оругандар катталууда, бирок андай учур чанда гана кездешет. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Анда эмделген жарандар ооруп калса дартты жеңил көтөрө турганы белгиленген.

«Жалпысынан айтканда оору көптөгөн факторлорго таасир этет, анын ичинде организмдин абалына дагы карайт. Жадагалса жакында эле вакцина алган адам вирус бар киши менен байланышса өнөкөт жана курч оорулардын өрчүп кетүү кооптуулугу жогору болот. Ошол эле учурда вакцинация ооруну жуктурууга эле эмес, инфекциянын оор формасына өтүп кетишине бөгөт коёт«, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик учурда Кыргызстанда колдонулуп жаткан Sinopharm вакцинасы 80 пайыз, ал эми «Спутник V» 95 пайыз эффективдүү экенин белгилейт.

Андыктан калктын 70 пайызы эмделип иммунитет иштелип чыкмайынча бир дагы вакцина вирустан 100 пайызга коргой албай турганы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4524