7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Валентина Шевченко Лорен Мерфини жеңип канча гонорар алганы айтылды

2006

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко кечээ, 26-сентябрда алтын титулду коргоо беттешине чыгып, америкалык Лорен Мерфини утуп алды. Белгилүу болгондой мындай беттештер спортчуга титулду коргоодон сырткары чоң гонорар алып келет.

SportsDaily  басылмасы мушкер кыздардын тапкан кирешесин ачыктады. Ага ылайык, Валентина бул беттештен 392 миң доллар тапкан. Анын 350 миңин мелдешке катышканы үчүн алса, дагы 42 миң доллар беттеш алдындагы бир жума үчүн кошумча төлөм катары (спортчуларга жума бою медиа жана турнир окуяларына убакыт бөлгөнү үчүн берилүүчү сыйлык) берилген.

Лорен Мерфинин гонорары 132 миң долларды түздү. Таймашка чыкканына 100 миң, ал эми 32 миңди жарнама үчүн алды.

Лас-Вегаста өткөн мелдеште эң көп гонорарды, 566 миң долларды Ник Диаз иштеп тапты. Беттешке чыкканы үчүн Диазга 500 миң төлөндү. 50 миң мыкты кармаш үчүн, ал эми медиа иштерине катышкандыгына 16 миң доллар берилген.

Бирок, бул ирет ийгилик атааңдашы Лоулер тарапка ооду. Кармаштын үчүнчү бөлүгүндө кубаттуу соккудан соң Ник жерге кулап, беттеш токтотулган. Калыстар техникалык нокаут деп эсептеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2007