Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Ата РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-март күнү Ысык-Ата РИИБүнө арыз менен 1952-жылы туулан Н.В., кайрылган. Анда белгисиз адам тарабынан үйүнөн велосипед, курулуш инструментерин акча каражаттарын уурдап кеткендигин билдирген.
Жогорудагы факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган С.К.,. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү дагы 2 факт уурулука тиешеси бар экендиги аныкталган.
Учурда териштирүү иштери улантылууда.