«Центерра Голд» компаниясы «Кумтөрдү» кайтарып алууга жасаган аракеттеринен майнап чыкпаган соң, ишине тоскоолдук жаратууга өткөн.
Кумтөрдүн учурдагы жетекчиси Деңгиз Бөлтүрүктүн айтуусунда, Центерранын директору Скотт Перри «Кумтөр» менен иштешкен өнөктөш компанияларга чалып, келишимдерди бир тараптуу токтоткондугун айтып чыккан.
Айрымдары Кумтөрдүн жаңы жетекчилиги менен кайрадан келишим түзүп, өнөктөштүктү улантууда. Айрымдары, алдын ала төлөмдөрдү талап кылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Кумтөрдө иш өз нугунда уланууда. Скотт Перринин бул аракеттеринен майнап чыкпайт. Дүйнөдө тетик чыгарган компания көп, бири болбосо экинчиси менен келишим түзүп алабыз. Эң башкысы кызматкерлер биздики, иштеп жатышат. Жер биздики, алтын алдыбызда! Компанияны үзгүлтүксүз ишитетип кетебиз» , -дейт Деңгиз Бөлтүрүк.
Посмотреть эту публикацию в Instagram