Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Саида Исмаиловага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 4-августта Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Арыз жазган апасы, кызын жигити менен кеткен болушу мүмкүн экендигин, бирок анын атын да толук билбестигин айткан.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 16 жаштагы Саиданын жигити 1996-жылы туулган Аттокуров Азат Касымалиевич экендиги белгилүү болгон. Учурда Азаттын ата-энеси да уулунун кайда жүргөндүгүнөн кабары жок. Бир нече күн алдын Оштогу таенесине кызын алып барып тааныштырган жана үйлөнүү ниети бар экендигин айткан.
Таенеси кыздын жаш экендигин айтып, каршы болгон соң ал жерден да чыгып кетишкен, учурда дайынсыз.
Милиция, сүйүшкөн жаштарды көргөн-билгендер болсо кабар берип коюуну өтүнөт! Себеби, кыздын апасы 16 жаштагы өспүрүм кызынан кабатыр алууда.
Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү(0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35 35 29 ”, — деп айтылат маалыматта.