7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ЖЭБ-2де. Жылуулук электр борборун куруу 2-5 жылда бүтөт

566

Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору — 2нин (ЖЭБ-2) абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча негизги отун катары экологиялык таза отунду — жаратылыш газын колдонуу пландаштырылган. Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни 100 гектардан ашык жерге 2 этап менен куруу мерчемделген. Бирок СССР кулап, газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурагандан кийин объектинин курулушу токтоп, 47 гектар аянттагы ЖЭБ-2нин санитардык зонасына акырындык менен жеке турак үйлөр курулуп кеткен.

ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленди. Келечекте кошумча кубаттуулук Бишкек шаарынын тынымсыз өсүп жаткан жаңы абоненттерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет. Алдыда ЖЭБ-2нин жардамы менен калкты жана экономика тармактарын ишенимдүү электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу Токтогул ГЭСиндеги электр энергиясын өндүрүү жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу түзүмүн диверсификациялоого мүмкүндүк берет.

Жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалууда.

Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин имараты менен жабдууларын көрүп чыгып, бул стратегиялык объектинин айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашты. Баарлашууда жергиликтүү тургундар ЖЭБ-2нин айланасындагы участокторду трансформациялоо, социалдык объектилердин куруу жана башка курч көйгөйлөр тууралуу суроолорун беришти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567