7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Виктор Козодой: Сибирь кыргыздары мамлекет гана түзбөстөн, өзүнчө цивилизация да жараткан

394
Орусиялык профессор, тарых илимдеринин доктору Виктор Козодой: «Мен – кыргыздардын мамлекеттүүлүгү үзүлбөстөн 19 кылымга уланганын көрсөтөм. Сибирь кыргыздарынын мамлекеттүүлүгү ар башка түрдө болуп, өзгөрүп турган – кээде күнкорсуз, кээде федерация же конфедереция, кээде автономия түрүндө же башка дөөлөттүн провинциясы катары болгон, бирок мамлекеттүүлүк үзүлгөн эмес».

Нарын Айып: Автономия башка малекеттин курамында болсо дагы, ал деле мамлекет эмеспи…

Виктор Козодой: «Албетте. Кытайлар гяньгун деп атаган кыргыздардын ээлигин хунндар басып алганда, алардын жери – Хунну дөөлөтүнүн Минусин провинциясы деп аталган. Алардын өз аймагы, өз эли, өз башчысы, анан өз аскери дагы болгон. Бул мамлекеттүүлүктүн өтө орчундуу белгилеринин бири – өз аскерине ээ болуу. Ушундай фактыларды аз-аздан чогултуп жатам жана жыйынтыгында өтө кызыктуу, окуяларга бай тарых чыгып атат. Мен өз китебимде – Сибирде жөн эле бир кыргыз деген эл жашап, кайсы бир аймакты ээлеген жана алардын мамлекети болгон дебестен, кыргыздардын жергиликтүү цивилизациясы болгонун далилдейм…»

395