7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин 2022-жаңы жылы менен куттуктады

771

Россия резиденти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.

Биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты — элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772