7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Владимир Путиндин иш сапарынан сүрөттөр

683

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Саламдашуу аземи аяктагандан кийин эки өлкөнүн лидерлери чогуу сүрөткө түштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684